super.kg logo
  Саясат  

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу мыйзамын комитет жактырды

 

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи депутат Миргүл Темирбаева белгилегендей, президенттин жарлыгына карабай азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат. Мындан улам мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыкты.

Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Русланбек Жакышев мыйзам долбооруна өз ыктыяры менен акча чогултууга аралашкан ата-энелер комитетинин да жоопкерчилигин кароо сунушун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: