Мадридде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды
Испаниянын борбор шаары Мадридде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мадрид шаардык кеңеши шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салган. Анда самокаттарды ижарага берген бир катар компаниялардын лицензиясын артка кайтарган.
Жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын даттанууларынан улам шаардык кеңеш буга чейин самокаттарды ижарага берчү компанияларга бир катар талаптарды койгон. Бирок коюлган талаптар аткарылбагандыктан ушундай чечим чыгарылганы айтылды.
Эми октябрь айынан тарта 6 миңдей самокат шаардан чыгарылат. Мунун баары шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жасалганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.