super.kg logo
  Саясат  

Президент Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жаңы директор дайындады  

 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп Азамат Юсупов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

"Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

39 жаштагы Юсупов буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, буга чейинки жетекчи Тойгонбай Абдыкаров 6-сентябрда өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: