super.kg logo
  Саясат  

Франциянын элчиси Садыр Жапаров менен жолугушту

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, Николя Файды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгү кыргыз-француз мамилелеринин мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Президент бирге жүргүзүп жаткан иш-аракеттер, долбоорлордун турмушка ашырылышы эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Николя Фай акыркы жылдары кыргыз-француз кызматташтыгынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, бул багыттагы ишти улантууга даяр экендигин айтты. Элчи ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, туризм жаатында жана башка артыкчылыктуу багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга даярдыгын белгиледи.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: