super.kg logo
  Саясат  

Президент жети өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды (тизме)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын Колумбиянын элчиси – Эктор Исидро Аренас Нейра, Австралия Бирлигинин элчиси – Жон Уильям Гиринг, Малайзиянын элчиси – Ильхам Туа Бин Иллиас, Словениянын элчиси – Дарья Бавдаж Курет, Камбоджа Королдугунун элчиси – Сок Чеа, Египеттин элчиси – Ибтиссам Ракха Ахмед Хассан жана Бангладештин элчиси – Мохаммад Монирул Ислам тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер президент Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргыз эли эзелтен эле элчилик вазыйпасын жогору баалап, кадырлап келгенин белгиледи.

Жапаров Кыргызстан дипломатиялык миссиялардын башчылары өкүл болгон мамлекеттер менен кызматташтыкты мындан ары да улантууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, элчилердин ишине ийгилик каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: