super.kg logo

Орусиянын Коргоо министрлиги тогуз аймакта 144 учкучсуз учак атып түшүрүлгөндүгүн айтты

 

10-сентябрга караган түнү абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын тогуз аймагында 144 учкучсуз учакты атып түшүргөн. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Дрондордун көбү Брянск облусунда, аймакта 72 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн. Дагы 20 учкучсуз учак Москва облусунун үстүнөн атылган. Ал эми калганы Курск, Тула, Белгород, Калуга, Воронеж сыяктуу бир катар аймактарда катталган.

Москва облусунда учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуусунан бир аял каза болуп, кеминде үч киши жаракат алган. "Домодедово", "Внуково" жана "Жуковский" аэропорттору убактылуу ишин токтотконун жергиликтүү бийлик билдирди.

Ошондой эле учкучсуз учактын сыныктарынан улам Москва шаарындагы Каширское шоссесинде унаа кыймылы токтотулган. Тула облусунда отун-энергетика комплексинин объектилеринин бирине учактын калдыктары түшүп, эч ким жабыркаган жок.

Брянск, Воронеж, Калуга жана Липецк облустарында да жабыркагандар жок экендиги маалыматта белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: