super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрүнүн жыйыны өттү

 

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттеринин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулашты. Ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары улуттук парламенттердин өкүлдөрү техногендик коопсуздукту камсыз кылуу жана табигый кырсыктардын коркунучтарынан коргоо, ЖККУ форматында кол коюлган Эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелерин карашты. Ошондой эле ЖККУ ПАнын 2025-жылга карата иш планын талкуулашты.

Белгилей кетсек, эртең Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: