Кара-Кулжада 23 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү




Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнө карашту Кара-Жыгач айылынын Эргеш Абдылдаев участкасында 63 түтүн жашайт, алардын ичинен 23 турак үй кооптуу деп табылганына карабастан, азыркыга чейин ошол аймакта жашап келишет. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, аталган айылдын тургундары мамлекет тарабынан жардамдарды убагында алышкан, бирок кооптуу жерден көчпөй жашап келишет.
"Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кооптуу аймактарды текшерүү учурунда, жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды берүү менен бирге айылдын жабыркаган ички чарбалык жолун калыбына келтирүү иштери жергиликтүү бийликке жүктөлдү. Бул чара тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.