super.kg logo

Камала Харрис Трампты өлкөнү Кытайга саткан деп айыптады

 

АКШнын ABC News телеканалы кечээ, 10-сентябрь күнү кечинде президенттикке талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харристин катышуусунда дебаттын биринчи айлампасын өткөрдү.

90 мүнөт бою президенттикке талапкерлер телеканалдын алып баруучуларынын суроолоруна жооп беришти. Учурдагы дебат 5-ноябрдагы шайлоо алдындагы президенттик жарыштагы маанилүү учур. Улуттук сурамжылоолор көрсөткөндөй, талапкерлердин ортосундагы ажырым дагы эле өтө тар. Дебат башталганга чейин Трамп менен Харрис дээрлик бир убакта трибунага чыгышты, Демократиялык партиянын талапкери биринчи болуп атаандашына колун сунду.

Талкуунун жүрүшүндө Харрис өзүнүн атаандашын Кытайга чиптерди жеткирүүгө жардам бергенин айтып, муну өлкөнү Кытайга сатуу деп атады.

"Трамп президент болуп турганда Кытайга алардын армиясын жакшыртууга жана модернизациялоого жардам бере турган америкалык чиптерди саткан. Муну менен ал бизди Кытайга сатты", - деди АКШнын вице-президенти.

Өз кезегинде Трамп эгер Харрис жеңсе, өлкө эч кандай ийгиликке жете албай тургандыгын айтты.

"Ал биздин өлкөнү талкалайт. Эгер ал президент болуп калса, биздин өлкөнүн ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Ийгиликти биякка коёлу, Харрис президент болсо өлкөбүз Венесуэлага айланат", - деди Трамп.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиядан мамлекет башчылыгына көрсөтүлгөн. Учурдагы вице-президент Камала Харрис демократ катары шайлоого катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: