super.kg logo

Токмокто миллион сомдук балыкты алдоо жолу менен алып кеткенге шектүү жигит кармалды

 

Токмок шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-августта милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Х. аттуу жаран июнь айында ишеничине кирип, 1 миллион 863 миң 350 сомдук балыктарын сатып алганын, бирок акчасын төлөбөстөн из жашырып кеткенин айткан.

Мындан тышкары, ошол эле күнү анын үстүнөн С.А. аттуу жарандан арыз түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, шектүү жай мезгилинде анын 16 миң доллар турган Toyota Prius үлгүсүндөгү унаасын алып, из жашырып кеткен.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, пробация көзөмөлүндө турган 1997-жылы туулаган Н.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын ушул сыятуу бир нече алдамчылык иштерди жасаганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: