super.kg logo
  Саясат  

ЖККУ ПА Кыргызстандын илимий жана билим берүү уюмдары, мекемелери менен кызматташат

 

Кечээ, 10-сентябрда ЖККУ ПА катчылыгы менен Кыргызстандын илимий жана билим берүү уюмдары, мекемелери ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Искак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, ошондой эле Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети менен келишимдерге кол коюлду.

Жогорку Кеңештин ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев белгилегендей, макулдашуулар илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүгө жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Андан соң Координациялык кеңешменин катышуучулары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примовдун коштоосунда Жогорку Кеңештин жыйындар залына жана музейине барып, парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: