super.kg logo
  Спорт  

Яги тайфуну Кыргызстандын тайпасындагы оюнду үзгүлтүккө учуратты

 

Түндүк Корея менен Катар курама командаларынын 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндары “Яги” тайфунунан улам үзгүлтүккө учурады.

Бул оюнда Түндүк Корея курамасы үй ээси катары талаага чыкты. Оюн Лаостун борбору Вьентьян шаарында өттү. Оюн башталганда нөшөрлөгөн жаан жаап, жыйынтыгында беттеш 20 мүнөткө токтоду.

Андан кийин оюнчулар талаага кайтып келип, беттешти жыйынтыктоого жетишишти.

Оюндун өзү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Түндүк Корея курамасы Кук Чхоль Чан оюндан четтетилгенден кийин 28-мүнөттөн баштап бир оюнчуга аз ойношту.

Белгилей кетсек, Яги тайфуну Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн каптап жатат. Тайфун кыйроолорго жана адамдардын өлүмүнө алып келүүдө.

Түндүк Корея менен Катар курама командалары Дүйнө чемпиондугуна тандап алууда Кыргызстан менен бир тайпага жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: