super.kg logo
  Саясат  

“Чача-пача деген ушагыңарды токтоткула!” Айгүл Айдарова кесиптештерине нааразы болду (видео)

 

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова кээ бир айым кесиптештерине нааразычылыгын билдирди.

Эл өкүлү депутат айымдардын арасындагы ушак-айың сөздөр катуу тийгенин айтып, агынан жарылды.

"Бизде кээ бир депутат айымдар бар. Кээ бир деп айтсам азыр башкалары капа болот, жакын арада эле куран окутуптур. Биз ал убакта каникулда болуп, баралбай калдык. Эми барып куран окутабыз, жаткан жери жайлуу болсун! Бирок мен эч качан "сенин апаң өлгөндө куран окутуп келбей койсо көрөт элем" деген сөздү айттырбайм. Айтып коёюн, коллегалар, бул жерде чача-пача деген ушагыңарды токтоткула! Өзүңөр ич ара чечишип алгыла! Мындан кийин эч качан бирөөнүн апасына асылганыңарды укпайын! Баарыңарга тиешелүү, мындан ары бирөөңүздөрдүн оозуңуздардан чыкпасын! Мындай сөз катуу тиет экен.

Ооба, куран окутулду. Ага бара албай калып, эми азыр эжеге барсам кандай гана сөздөрдү айтпады. Өткөндө "көрөт элем сенин апаң өлгөндө" деп айтып жатат. Бул туура эмес. Биз эл өкүлү болгондон кийин мындай нерсеге барбайлы! Мындан ары эч качан апага асылбагыла!" - деди Айдарова.

Ал кеп кайсы кесиптеши тууралуу болуп жатканын тактаган жок.






Жогорку Кеңеш 11.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: