super.kg logo

"Эң өзгөчө туулган күнүм быйылкысы". Ырчы Алмаз Шаадаев 34 жашка толду 

 

Бүгүн, 11-сентябрда ырчы Алмаз Шаадаев туулган. Ал бул жылы 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы мырзага туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, эң өзгөчө туулган күнү быйыл болуп жатканын айтып өттү.

"Туулган күндүк маанай эң сонун. Мен азыр туулган жерим Нарында жүрөм. Быйылкы туулган күнүмдү эң өзгөчө, жагымдуу туулган күн дейт элем. Себеби кызым менен тосуп жатам. Учурда кызымдын жытына балкып, ата-энемдин, үй-бүлөмдүн жанында бактылуу болуп турган кезим. Мындан өткөн бакыт жок болсо керек.

Негизи жаш өткөн сайын тынчтыкты каалап калат экенсиң. Мен дагы ызы-чуудан алыстап, айылда жүргөн кезим. Жаш кезде достор менен отуруп белгилейт элем. Бул жолу үй-бүлөм менен айылда тосуп жатам. Менин эң эсимде калган туулган күнүм ушул болот болуш керек", - деди Шаадаев.

Алмаз Шаадаев 1990-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.

Чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным, ай” аттуу ырын ырдап чыккан. Алмаз Шаадаев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин туризм-саякат бөлүмүн аяктаган.

Ырчы "Фаридам", "Жубайым", "Сен дегенде", "Арзуу", "Көлдүк кыз" жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: