super.kg logo

Бейбаштыкка шектелип кармалган "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү акталды

 

Бейбаштыкка шектелип кармалган "Мекенчил" партиясынын 6 өкүлү акталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаардык сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, аларды 10-сетябрь күнү Ленин райондук соту "Бейбаштык" беренеси боюнча актаган. Мындай чечим айыпталуучулар жабырлануучу менен жарашкандыгына байланыштуу кабыл алынган. Натыйжада кылмыш иши кыскартылып, айыпталуучулар жаза жоопкерчилигинен бошотулушкан.

Ошондой эле райондук сот 6 жаранды "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренеси боюнча "алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгон" деген негизде актаган.

Жыйынтыгында Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев жана Нурак Акимов сот залынан бошотулган. Аларга өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин башка жакка кетпөө тил кат түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал эми Руслан Самудин уулу, Мирлан Стамов жана Илимбек Истамовдорго өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Эске салсак, апрель айынын башында 6 жаран бейбаштыкка шектелип кармалышкан. Милиция алар коомдук тамактануучу жайларынын биринде бир адамдын денесине залал келтирип, аны узак убакыт бою мыйзамсыз кармашкан деген негизде кармалышканын билдирип, сүрөттөрүн жарыялаган. Социалдык тармактардын колдонуучулары кармалгандар "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экендигин айтышып, кызуу талкуу жараткан соң президент Садыр Жапаров комментарий берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: