super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев баштаган депутаттар Өзбекстанга жөнөп кетти

 

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Шакиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Шарапаткан Мажитова, Чынберди Төлөнов жана Чыңгыз Ажибаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: