super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары менен жолугушту 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармагында жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өкмөт башчы ири долбоорлорду ишке ашырууга, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна токтолду. Ал бул стратегиялык долбоорлордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүшү үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз долбоорлордун өзгөчө маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, Эл аралык валюта фонду жүргүзгөн программалардын алкагында кызматташууга дайым даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: