super.kg logo
  Саясат  

Элчи Султанбаев Минскте Трансплантология борборуна барды

 

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарындагы Хирургия, трансплантология жана гематология илимий-практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ТИМден бүгүн, 11-сентябрда маалымдашты.

Ага ылайык, аталган борбордо органдарды трансплантациялоо боюнча операциялардын түрлөрү жасалат.

Акыркы жылдары борбордун материалдык-техникалык базасын жаңыртуунун натыйжасында бир катар жаңы медициналык корпустар курулуп, алдыңкы медициналык техникалар жана дүйнөлүк стандарттагы жабдуулар сатылып алынган.

Элчи Султанбаев жана борбордун директору Олег Руммо биргелешкен кызматташуу келечегин, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана медицина адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: