super.kg logo
  Саясат  

"Аз чыгым болмок". Депутат Марипов шайлоолорду күн жылуу мезгилде өткөрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов шайлоолорду күн жылуу мезгилде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 11-сентябрдагы парламент жыйынында айтты.

Анда жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандаттардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жаткан. Марипов мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиевден 17-ноябрга белгиленген шайлоону күн жылуу убакка жылдырса болобу деп сурады. Маматалиев жылдырууга болбой калганын, себеби жарлыкка президент кол койгонун айтты.

"Мындан кийинки шайлоолорго деле сунуштап кетейин. Шайлоону күн жылуу мезгилде өткөрсөк чыгымдар да азыраак кетмек. Күн суук кезде үгүт иштерин жүргүзүүдө дагы бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат", - деди Марипов.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.






Жогорку Кеңеш 11.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: