super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

 

Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдириди.

Маалымдалгандай, анда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен “Өз ара аракеттенүү-2024” командалык-штабдык машыгуулардын ийгиликтүү аяктаганын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, өлкө башчысы азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга өлкөнүн төрагалыгынын приоритеттерин иштеп чыгууда, мында бардык актуалдуу факторлор жана сунушталган маселелердин маанилүүлүгү эске алынарын белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине бул маанилүү иш-чаралардын сапаттуу даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго өткөрүлгөн машыгуулар мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтарууга уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгынын жогорулагандыгын көрсөткөнүн маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: