super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров чет элдик эки компаниянын өкүлдөрү менен жолукту

 

Бүгүн, 11-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чет элдик Fitch Ratings Inc. компаниясынан Елена Гриндстафф жана Oppenheimer & Co. Inc. компаниясынан Константин Деркачев баштаган өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда Акылбек Жапаров Fitch, Moody's жана Standard & Poor's сыяктуу эл аралык рейтингдеги агенттиктердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул агенттиктер экономикалык туруктуулукту гана баалабастан, мамлекеттердин финансылык имиджин жакшыртууга да активдүү катышат.

“Дүйнөлүк каржы рынокторунда олуттуу тажрыйбага ээ болгон бул агенттиктер чакан өлкөлөргө жагымдуураак каржылоо жана инвестициялык шарттарга мүмкүнчүлүк бере алышат. Өлкөнүн каржылык аброю узак мөөнөттүү өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө алып баруучу көпүрө болуп саналат”, – деди Акылбек Жапаров.

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын эбегейсиз зор потенциалын жана анын амбициялуу пландарын баса белгиледи. Ал жетишилген саясий туруктуулукту жана өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырганын кошумчалады.

Өз кезегинде чет элдик компаниялардын өкүлдөрү инвестиция салуу үчүн өлкөнүн потенциалын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстандын эл аралык аренада жигердүү кызматташууга умтулуусун белгилешип, финансылык талдоо жана инвестициялык климат боюнча мындан аркы консультацияларды улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: