super.kg logo

Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү бирдиктүү латын алфавитине өтүүнү макулдашты 

 

Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Бакуда өткөн жыйында 34 тамгадан турган латын алфавитине негизделген бирдиктүү алфавитти макулдашты.

Түрк академиясынын маалыматына караганда, 9-11-сентябрда Азербайжандын борборунда Түрк мамлекеттери уюму тарабынан түзүлгөн түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү алфавити боюнча комиссиянын үчүнчү жыйыны өттү.

"Комиссия кеңири талкууларды жүргүзүп, алфавиттин долбоорун жакшыртууну талап кылган аспектилерди аныктады. Бул иштин жыйынтыгында 34 тамгадан турган бирдиктүү түрк алфавити боюнча сунуш макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

Сунушталган алфавиттин ар бир тамгасы түрк тилдеринде кездешүүчү түрдүү фонетикалык тыбыштарды билдирери такталган.

Иш-чаранын уюштуруучулары тиешелүү мекемелерди "сунушталган бирдиктүү түрк алфавитин ишке ашырууда эффективдүү колдоо көрсөтүүгө" чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: