super.kg logo

Зеленский Монголия Путинди камакка албай койгону боюнча билдирүү жасады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский монгол бийлигинин Орусия президенти Владимир Путинди республикага жасаган сапары маалында Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордери боюнча камакка алуудан баш тартканы үчүн жоопкерчилик бүткүл дүйнөгө жүктөлөрүн билдирди.

Зеленский "Бириккен адилеттүүлүк" эл аралык конференциясында сөз сүйлөп жатып, Монголия Рим статутуна кол койгон өлкө экенин баса белгилеген.

"Рим статуту иштеши керек, бирок жакында эле Монголияда Путин үчүн өзгөчө жагдай болду. Ал эми бул жоопкерчилик кимдир бирөөнүн гана милдети эмес, бул бүткүл дүйнөнүн милдети", - деген Зеленский.

Путин Монголияга өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурелсухтун чакыруусу менен Халхин-Гол дарыясында советтик жана монгол аскерлеринин япон куралдуу күчтөрүн биргелешип жеңгендигинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барган.

Бул орус президентинин 2023-жылдын мартында сот аны Украинадан Орусияга балдарды өткөрүп берүү боюнча камакка алуу ордерин чыгаргандан бери Эл аралык соттун Рим статутуна кол койгон өлкөгө жасаган биринчи сапары.

Монголия Рим статутуна 2000-жылы кол коюп, 2002-жылы ратификациялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: