super.kg logo

Францияда тоонун чокусунан төрт туристтин сөөгү табылды

 

Франция тараптагы Альп тоосунун эң бийик чокусунан төрт чет элдик туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Independent порталынын маалыматына караганда, алардын экөө Италиянын жана экөө Түштүк Кореянын жарандары. Алар 7-сентябрда түштөн кийин куткаруучуларга телефон чалып, аба ырайынын начарлашынан улам тоого тыгылып калганын билдиришкен. Куткаруучулар альпинисттерге жетүүгө аракет кылышкан, бирок аба ырайы аларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

Аба ырайы нормалдуу болуп, куткаруу операциясын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бергенде, топ дайынсыз жоголгондорду издөөгө киришти. Төрт турист сөөгү 4700 метр бийиктиктеги Монблан чокусуна жакын жерден табылган.

Француз бийликтери трагедиялуу окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: