Билим берүү министрлигине 116 бала бакча, 155 мектептин курулушу тууралуу арыз түштү
Бишкекте бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында билим берүү министри Канат
Садыков 116 бала бакча жана 155 мектептин курулушу тууралуу арыз
түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы 155 мектеп уроо абалында
турат жана жаңы курулушка муктаж.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Эгер бюджеттин эсебинен курууга
мүмкүнчүлүктөр болсо, каражаттар ошол жакка багытталат. Учурда аймактарга бала
бакчаларды курууга чоң каражат талап кылат. Мамлекеттин эсебинен курууга шарт жок болгондуктан, коомдук уюмдардын сунуштарын карап чыгуу керек”,- деди Садыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

