super.kg logo
  Саясат  

"Шилтеме жиберет..." Депутат Токтошев шылуундар элди кантип алдап жатканын айтып берди

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев шылуундар элди кантип алдап жатканын айтып берди.

Эл өкүлү соңку убакта банктардын онлайн насыя берүү системасын шылуундар пайдаланып элди алдап жатканын, алардын торуна түшүп алданып калган жарандардын саны күн сайын арбып жатканын белгиледи.

"Шылуундар алгач 100-150 миң сом эсебиңе салат экен. Анан Улуттук банктан чалып жатам, акчаны адашып салып алыптырбыз, кайра которуп коюңуз деп код же шилтеме жөнөтөт экен. Шилтемени басканда эле эсептеги акчасы бүт которулат экен дагы, ал кишинин жеке маалыматтарына ээлик кылып, ошонун негизинде шылуундар банктан телефондун ээсинин атынан онлайн кредит алып алат экен. Мындай шылуундар кескин көбөйүп жатат. Мага көптөгөн жарандар кайрылууда", - деди Токтошев.

Ошондой эле ал өкмөттүн өкүлүнө бул маселеге тез арада көңүл буруп, чечүү керектигин айтты.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: