super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чойбеков: "Мугалимдер айлык маяна аз болгондуктан, жеке менчик мектептерге кетип жатышат"

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков мектептерде мугалимдер жетишсиз болуп жатканын билдирип, бул маселени тез арада чечүү керектигин айтып өттү.

"Бишкек шаарындагы №26, №70, №31, №63, №4, №37, №98 ушул мектептерде математика, химия, физика, тарых, информатика, орус тили жана башка предметтин мугалимдери жетишсиз болууда. Алар азыр жабылуунун үстүндө турат. Бул маселеге өтө дыкат мамиле кылуу керек. Мугалимдер айлык маянасы аз болгондуктан жеке менчик мектептерге кетип жатышат. Анан экинчи себеби мектептерден гимназия статусун алып койдук. Окуучулар каякка барат? Жеке менчик мектептерге кетип калат. Бишкек шаардык мэрге тапшыра берилсин, акчаларын чечип берсин", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат аймактардагы кээ бир мектептер аралыктан окуп жаткандыгын айтып, аталган маселеге токтолуп өттү.

"Окуу жылы башталды. Ал эми кээ бир мектептерде жогорку класстын окуучулары онлайн окуп жатышат. Талас шаарындагы айрым мектептер, Өзгөрүш, Кең-Арал, Бейшеке айылындагы мектептер аралыктан окуп жатышат. Алардын акчалары чечилбей жатат. Акча жок эмес, акча бар. Азыр алар программадан арта калып жетишпей калат. Анан аларга "ЖРТдан эмне аз балл алдың?" деп шарттарды коёбуз. Батыраак кыймылдап, бул маселелерди чечип берели", - дейт Чойбеков.






12.09.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: