super.kg logo
  Саясат  

Маматалиев Жапаровдун "Бишкекте тыгын чечилбесе мэр жумуштан кетет" деген сөзүн эске салды

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын маселесин көтөрүп, он ай мурун өкмөттүн берген убадасын эскертти.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун былтыр ноябрь айында парламентте "эгерде Бишкек шаарынын мэри биринчи квартал ичинде жолдордогу тыгын маселесин чечпесе, иштен алынат" деген сөзүн эске салды.

"Он ай мурун ушул жерде республикалык бюджетти карап жатканда Акылбек Жапаров бар эле, биз ошондо тыгын көйгөйүн көтөрүп, чечүү жолдорун көрсөткөнбүз. Өкмөт башчы акча бөлүп берген болчу. Мына, он ай өттү, тилекке каршы, ал жумуш аткарылган жок.

Дагы бир жолу ошол презентацияны көрсөтүп коёюн, Бишкекте түштүк менен түндүктү бириктирген 30дай көчө бар. Калаанын ортосунда темир жол бар. Ошол бөлүп коёт, андан 30 көчө тең өтпөйт, баары тыгылып келип 7 көчөгө биригет. Ошондон улам тыгын болууда. Биз көпүрөлөрдү же кошумча шлагбаумдарды куралы деп айтканбыз, Акылбек Үсөнбекович акча бөлгөн. Ошондо дагы 5-7 көчөнү ачсак, тыгын азаймак", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал калаа башчысы Айбек Жунушалиев "бир жылда жасайм" дегенин да эскертип, аз эле убакыт калганын кошумчалады.

Эске салсак, былтыр 23-ноябрдагы парламенттин жыйынында Акылбек Жапаров жаңы мэр Жунушалиев биринчи кварталда тыгын маселесин чечпесе, жумуштан кетерин айткан.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

Жогорку Кеңеш 12.09.24

Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: