super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт, элдикине тийишпегилечи!" Депутат Айдарова Баткенде жөлөк пулдар кыркылып жатканын айтты

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова Баткен облусунда берилүүчү жөлөк пулдар ар кандай шылтоолор менен кыркылып жатканын айтты.

"Күйөөң Москвага кетти, күйөөң Бишкекте экен" деп пособиелерин коркутуу-үркүтүү менен кат жазып, бербей жатышат. Же болбосо жарым-жартылай берип жатышат. Ошол Баткен элинин пособиесин кыркып, тийишпей эле койсок болбойбу? Бул маселе Баткендики эле эмес, жалпы республиканын көйгөйү болушу керек. Өкмөттөн суранат элем, элдикине тийишпегилечи", - деди депутат айым.

Айдарова чет элге эмгектенгени кеткенде жөлөк пул албайсың деген мыйзам жок экенин, андыктан ар бир жаран өз укугун коргошу керектигин кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: