super.kg logo
  Саясат  

УКМК депутат Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүүгө алганы айтылууда

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатканы кабарланды. Тинтүүгө алгандар УКМКнын кызматкерлери экени айтылууда. Атайын кызмат бул тууралуу маалымат бере элек.

Айрым ЖМКлар Молдобекованыкы делген иш бөлмө тинтилип жатканы тартылган жана бир эркек кишини күч органынын кызматкерлери сүйрөп бараткан видеолорду бөлүштү. Ошондой эле депутаттын эки жардамчысы кармалганын маалымдашты.

Эл өкүлүнүн иш бөлмөсү эмне себептен тинтүүгө алынып жатканы белгисиз, өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Парламенттеги "Альянс" фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова кечээ төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация менен Өзбекстанга кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: