super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев фракциялашы Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы боюнча үн катты

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Альянс" фракциясынын төрагасы Жанар Акаев депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы тууралуу комментарий берди.

Ал тинтүү кесиптеши Молдобековага тиешелүү эмес экенин айтты.

"Бүт маалымат каражаттарында "Альянс" фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүү болуп жатат" деген кабар чыгып кетти. Ошондуктан бул боюнча маалымат берип коёюн деп чечтим. Ал такыр башка маселе боюнча, Молдобекованын өзү жөнүндө эч кандай маселе жок. Өзү азыр төрага менен Өзбекстанда расмий иш сапарда жүрөт", - деди Акаев.

Буга чейин УКМК тарабынан Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатканы кабарланган.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: