super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумуна катышты

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында уюштурулган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, форумда сөз сүйлөгөн төрага салтка айланган бул жолугушуу парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган уникалдуу аянтча экенин белгиледи.

“Борбордук Азия – динамикалуу өнүгүп жаткан, стратегиялык жактан өтө маанилүү аймак болуп саналат. Андыктан коңшу өлкөлөр менен болгон байланышты бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз тарыхый байланышы терең беш өлкөнүн алакасын чыңдоого ар дайым кызыкдарбыз”, – деди Шакиев.

Ошондой эле ал кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин айтып, акыркы жылдары парламенттер ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп, парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты. Буга Борбор Азия лидер айымдарынын диалогун жана “Борбордук Азия +” форматында өткөрүлүп келе жаткан жолугушууларды мисал кылды.

Сөзүнүн аягында Шакиев кийинки Борбор Азия өлкөлөрүнүн III парламенттер аралык форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: