super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев казакстандык кесиптеши менен жолугушту

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында Казакстандын Парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Казастандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп жаткандыгы үчүн Казакстан тарапты куттуктаган Шакиев 2012-жылы биринчи жолу Кыргызстан тарабынан демилгеленип, өткөрүлгөн бул иш-чаранын башкы чакырыгы “Күч биримдиги! Рух биримдиги!” экенин айтып, Көчмөндөр оюну дүйнөдөгү тынчтыкты, мамлекеттер аралык достукту жана тыгыз байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзсүн деген тилегин билдирди.

Андан тышкары, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган төрага аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүүнү жана чек арага чектеш облустардын ортосундагы байланыштарды тереңдетүүнү сунуштады.

Ошондой эле жолугушууда тараптар Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселесине басым жасашты.

Жолугушууга депутаттар Чыңгыз Ажыбаев, Гүлкан Молдобекова жана Шарапаткан Мажитова катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: