super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Казакстан жер улактан жеңүүчү деп табылды

 

Бүгүн, 12-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактын финалдык беттешинде кыргыз улакчылары казак атаандаштарына 4:5 эсебинде жеңилип калды.

Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Мындан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учурады. Алгачкы бөлүк 3:1 айырмачылыгы менен кыргыз курмасынын пайдасына аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп саны 4:4кө теңелди. Мындан улам жер улактын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт убакыт берилди.

Кошумча убакытта казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып кетти, калыс да оюнду токтоткон жок. Мындай калпыстыктар оюндун жүрүшүндө көп эле болуп жатты. Анда Казакстандын командасы биринчи болуп улак салып, 4:5 эсебинде жеңүүчү аталды.

Анткен менен социалдык тармактарда оюнду тейлеген калыс казак курамасына жан тартканын жазышууда. Анын бир командага ачык жан тартып жатканы эки тараптын тең күйөрмандарын иренжитти.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 17:30да көк бөрү боюнча финалда дагы эки өлкөнүн улакчылары кез келет.






12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: