super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Танзила Нарбаева менен жолугушту

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин II парламенттер аралык форумунун алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Баарлашууда маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да айтылып, бул жааттагы иш-чаралар эки элдин достугун бекемдөөгө көмөкчү болору белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: