super.kg logo
  Саясат  

"Күтүп тур дейт". Эрулан Кокулов депутаттарга келгенде мыйзам сакталбай жатканына нааразы болду

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов эл өкүлдөрүнө байланыштуу мыйзамдар сакталбай жаткандыгын айтып, элдин маселесине жооп издеп мамлекеттик мекемелерге барса күттүрүп коюп жаткандыгын билдирди.

Ал нааразычылыгын билдирип, президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго суроо салды.

“Депутат болгонума 2 жарым жыл болду. Депутат деген ким? Ага кандай мамиле кылыш керек? Мен өзүмө тийиштүү мыйзамды сактай албасам, элдин мыйзамын кантип сактайм? Мыйзамдуулуктан чыгып кеттик? Бир жерге барсаң киргизбейт. “Күтүп тур, чоңдорго чалып билдирели” деп айтышат. Кол тийбестик бар го, же ал башка депутаттарга иштеп, мага келгенде иштебей калабы Алмас Акунжанович”, - деди эл өкүлү.

Депутат сөзүн улай жеке маселе менен барган болсо күтүп турууга макул экендигин белгилеп, элдин маселесинде күтө албастыгын билдирди.

Мындан тышкары Жол кайгуул кызматтары иш-чараларда жолду тосуп, парламенттин имаратына да кире албай калган учурлар болуп жаткандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: