Өлкөдө быйыл 5 миң тоннага көп эт өндүрүлгөн
Быйыл 272 миң 300 тонна эт өндүрүлүп, мурунку жылга салыштырмалуу 5 миң 566 тоннага же 2,1 пайызга көп. Бул туурасында бүгүн, 12-сентябрда Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта республикада эт өндүрүүнүн жогорулашы айыл чарбада малдын көбөйүшү менен байланыштуу экендиги айтылган.
“2023-жылдын аягына карата өлкөдө мал санактын жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, жылкынын саны 8,5 миң башка жана үй канаттуулардын саны 620,0 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу”, - деп белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.