super.kg logo

Казакстанда эң узун тоннель унаа кыймылы үчүн ачылды

 

Бүгүн, 12-сентябрда Казакстандын Түркстан облусунда өлкөнүн эң узун автотранспорттук тоннели аркылуу кыймыл ачылды. Бул туурасында казак басылмалары өлкөнүн Транспорт министрлигине шилтеме берүү аркылуу жазышты.

Маалымдалгандай, Шакпак Баба ашуусундагы эки жолдуу тоннелдин узундугу 840 метр, туурасы 11 метр, бийиктиги 8 метр.

“Тоннель “Батыш Европа – Батыш Кытай” эл аралык транспорт коридорунун бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле кышында кар көп түшүп, кыймылга тоскоол болгон катаал аймактагы унаа агымын камсыздайт.

Негизги транспорт агымы Шакпак-Баба конушун айланып өтүүгө багытталат, бул айылдагы коопсуздукту күчөтөт”, - деп белгилеген Транспорт министрлиги.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: