super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти

 

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы иш сапары аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, расмий сапардын алкагында Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: