super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев кытайлык кесиптеши менен түз аба каттамдарын көбөйтүү маселесин талкуулады

 

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эзелтен коңшу жашаган эки элдин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышын бекемдөө маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле түз аба каттамдарын көбөйтүү маселеси да көтөрүлүп, Ош-Кашкар аба каттамынын ачылышы тыгыз байланышты калыптандырууга көмөкчү болору айтылды.

Жолугушуунун соңунда Шакиев баштаган парламенттик делегация Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алып, жайгашкан имараты менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: