Жамгыр жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы
Эртең, 18-сентябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +22 ... +27,
Талас облусунда түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +19 ... +24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12 ... +14, күндуз +29 ... +31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +20 ... +22,
Нарын жергесинде түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +21 ... +26,
Бишкек шаарында түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +25 ... +27 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.