super.kg logo
  Саясат  

Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

 

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Министрлер кабинети кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон. Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Ошондой эле кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында улантууну чечишкен.

Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөр достукта өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн кошумчалады.

Буга чейин сентябрь айынын башында эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу Тажикстандын Бустон шаарында өткөн.

Эске салсак, 6-сентябрда өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайыздан ашыгы макулдашылганын билдирген. Муну тажик тарап дагы бышыктап, ал өлкөнүн жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода чек аранын 94 пайыз тилкеси такталганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: