super.kg logo

Баткенде издөөгө алынган дагы бир жаран Бишкектен кармалды

 

Баткенде алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын 27 жаштагы тургуну “Баяман баатыр” базарынан 1 миллион сомдук буюмун А. аттуу жаран алып кетип, кайра бербей койгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 29 жаштагы тургуну А.А. Бишкектен кармалып, Баткенге жеткирилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Баткенде бир нече алдамчылык фактысына шектелип изделип жаткан курулуш компаниянын директору Бишкектен кармалганы кабарланган.

Анын алдында эле Баткенде соттун өкүмүн аткарбай качып жүргөн дагы бир жаран Бишкек шаарынан кармалганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: