super.kg logo

УКМК Патрулдук милициянын кызматкерлерин кармады (фото)

 

Транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышкан Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын Патрулдук милиция башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан, андан кийин баасы 13 миң долларды түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлеринин жумушчу кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылып алынган.

Кармалган К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын түзүмүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: