super.kg logo

Ливандагы пейжерлердин ири жарылуусунан жабыркагандардын саны 2 миңден ашты (видео)

 

Ливандагы пейжерлердин массалык жарылуусунун натыйжасында 2750 адам жарадар болду. Бул тууралуу Al Jazeera агенттиги кабарлады.

Акыркы маалыматтарга караганда, сегиз адам каза болгон. Ал эми жабыркагандардын көпчүлүгү бетинен жана колунан жаракат алышкан. Ливандын түштүгүндөгү ооруканалар толуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги жарадарларды жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Al Jazeera жардыруудан "Хезболла" кыймылынын мүчөсүнүн уулу набыт болгонун кабарлады. Ливан бул массалык жардырууларга Израилди айыптады. Ливан бул маселе боюнча кызыкдар өлкөлөр жана Бириккен Улуттар Уюму менен байланыш түзүү демилгесин көтөргөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-сентябрда Ливанда байланыш прибор-пейжерлер жарылды. Буга Израилдин хакердик чабуулу себеп болгон деп болжолдонууда. Жабыркагандардын ичинде "Хезболла" кыймылынын согушкерлери бар.

Ал эми Wall Street Journal булагынын айтымында, жарылган пейжерлер "Хезболла" кабылдаган акыркы келген партиядан болушу мүмкүн. Ал жарылуулар зыяндуу программалык камсыздоодон келип чыккан деп болжолдошууда.






Ливан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: