super.kg logo

Президенттин тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты

 

Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улан Жапаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Бишкек шаары боюнча УКМКнын башкы башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 24-августта карап, өтүнүчтү канааттандырган.

Белгилей кетсек, шектүү УКМК тарабынан июль айында кармалып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталып жаткан.

Эске салсак, Улан Жапаров 2023-жылдын июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалып, октябрь айында үй камагына чыккан.

Улан Жапаров - президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: