Кеминде эки адам сабалып, бири каза болгон. Милиция маркумдун кесиптешин кармады
Кемин районунда чарбанын кызматкери мас абалында кесиптештеринин денесине системалуу түрдө залал келтирип, анын кесепетинен бирөөсү каза болуп, кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 11-сентябрда Г.С. аттуу жаран денесинен алган жаракатынан улам каза болуп, И.Б. аттуу жаран аймактык ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Б.В. аттуу жаран кылмышка шектүү катары каралып, ага сырттан баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланган.
Милиция кызматкерлери аны 14-сентябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.