Садыр Жапаров парламент жабык эшик артында караган мыйзамга кол койду
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Документ мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, Баткен облусунда бир катар айыл аймактар түзүлүп, административдик чек аралары бекитилүүгө тийиш.
Баткен районунда төмөндөгүдөй айыл өкмөттөр түзүлгөн;
- Администрациялык борбору Ак-Татыр айылы болгон Ак-Татыр айыл аймагы түзүлсүн;
- Борбору Жаңы-Жер айылы болгон Төрт-Гүл айыл аймагы түзүлсүн;
- Самаркандек айыл аймагы түзүлүп, борбору Самаркандек айылы болсун;
- Бужум айылы борбору болгон Суу-Башы айыл аймагы түзүлсүн;
- Алтын-Бешик айыл өкмөтү түзүлүп, борбору Таян айылы болсун;
- Ак-Сай айыл аймагы борбору Ак-Сай айылы болуп түзүлсүн;
- Кара-Бак айыл аймагы администрациялык борбору - Кара-Бак айылы менен.
Лейлек району боюнча;
- Кең-Талаа айыл аймагы түзүлүп, борбору Бешкент айылы болсун;
- Лейлек айыл аймагы түзүлүп, борбору Катран айылы болсун;
- Борбор Кулунду айылы болгон Кулунду айыл өкмөтү түзүлсүн;
- Тогуз-Булак айыл аймагы түзүлүп, Миң-Жыгач айылы борбору болсун;
- Ак-Суу айылы менен Ак-Суу айыл аймагы;
- Жаңы-Жер айыл аймагы түзүлүп, борбору Борбордук айылы болсун;
- Борбору Андарак айылы менен Сумбула айыл өкмөтү түзүлсүн;
Ошондой эле мыйзам боюнча Раззаков, Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын административдик чек аралары бекитилген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген.
Эске салсак, мыйзам долбоорун 11-сетябрда Жогорку Кеңештин төрт комитети жабык эшик артында бир учурда үч окууда караган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

