Турдубек Мамбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Турдубек Мамбетов КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 27-декабрда кол койду. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Каныбек Нарбаев аталган агенттиктин директорлугу кызматынан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

