"Эстрада жылдыздары ырдашат". "Ала-Тоо" аянты реконструкциядан кийин расмий ачылат (видео)
Бишкекте 21-сентябрда "Ала-Тоо" аянтынын реконструкциядан кийинки расмий ачылышы болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-сентябрь, саат 18:30да масштабдуу иш-чара болот. Кыргызстанда биринчи жолу жаңы бий жана жалындуу фонтан топтору ачылат.
Ошондой эле шаар тургундары, борбор калаанын коноктору эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы маданий программаны көрө алышат.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди борбордук "Ала-Тоо" аянтынын реконструкциядан кийинки расмий ачылышына чакырабыз", - деп билдиришти муниципалитеттен.
“Ала-Тоо” аянты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.